Эсиңизде болсо, “Клиптеги каармандар” деген рубрикабызда ырчы Ислам Сатаровдун “Сүйүү баяны” аттуу клибинин каармандары жөнүндө жазганбыз. Ошол каармандар Ош окуясында каза болгонун айтып, Ислам Сатаров капа тартууда. Клиптеги киллер кыздын ролун жараткан орус улутундагы Альбина чыныгы жашоодо дал көзгө атарлардын колунан каза тааптыр. Ал эми Сардор театрдан чыгып келаткан жеринен кагылышта калып, о дүйнө салыптыр.