Жаш ырчылардын катарын толуктаган Жанэл Кытайга кетип калабы деп турабыз. Себеби ырчы кыздын “Сенин сүйүүң” аттуу клиби чыккандан соң кыргыз жигиттери эмес, мекенибизде окуп жүргөн кытай жигити кызыгып, сүйүүсүн арнай баштаптыр. Жанэлдин айтымында, ал жигит өтө эле өжөр. “Мен сага үйлөнөм. Баары бир сени бул жактан Кытайга алып кетем” деп көгөрүп жолун тосуп, гүл сунуп эле калгандыгын айтат.