Ырчы Кумар Асанов румын жигиттеринен турган атактуу “Моранди” тобу менен бир сахнада ырдамакчы. Тактап айтканда, жакынкы күндөрү аталган топтун жигиттери Кыргызстанга концерт койгону келишет. Бул концерт Спорт Ордосунда өтүп, Кумар Асанов, бийчи Атай Өмүрзаков катышат. Концерттен түшкөн каражаттын 5 пайызы Ош окуясынан жабыр тарткандарга жардам катары жиберилерин уюштуруучу билдирет.