Ысык-Көлдөгү жайдын ысык аптабы 3-4-5-июль күндөрү 2 эсеге көтөрүлүшүнө “тамашоучулар” кепилдик беришет. Күлкүнүн элге “вирус” сымал тараган жаңы толкуну – “Тамашоу” Лигасы көл жээгинде өзүнүн салтка айланган жайкы фестивалын баштоого жол тартышты.
Күлкүгө арналган 3 күндүн ичинде юмор жандуу жигиттер футбол, синхрондук сүзүү боюнча да өздөрүн сынап көрүшмөкчү. 3-июлда 20:00дө боорду эзген тамашалар тартууланат. Ал эми бул тамашанын баары Бает айылындагы белгилүү эс алуу борборунда өтөт. Ага алдыңкы 10дон ашуун командалар катышып, алардан эң мыктылары иргелип, жеңүүчү деп табылат.