Нурзат Токтосунова “Замана” студиясынан алпаруучулуктан кетти. “Өз арызым менен жумуштан кеттим. Азыр бир канча телеканалдардан сунуш түшүүдө. Бирок радиодо да иштеп көрүнүү чечтим”,- дейт.
Эми Нурзаттын күйөрмандары аны теледен көрбөгөнү менен, үнүн радиодон уга алышат. Тактай кетсек, Нурзат жаңыдан обого чыгып жаткан жаштардын “Сезим” радиосунда ди-джейлик кызматты аркаламакчы. Орундуу сүйлөгөн алпаруучу “Күлгүн шоу” программасын угармандарга тартуулай тургандыгын билдирди.