Минтип айтканыбыздын себеби Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жаңы эле аяктаганына карабастан, Нурлан Насип дагы окуусун улантууну чечиптир. Болгондо да Казакстанга барып, вокалдан сабак алганы турат. Учурда өзүнө гана ыр чыгарбастан, көп ырчыларга сөз жазып, обон жараткан чымыны бар Нурлан акындардын алпы Алыкул сымал музыкага чаңкап тургансыйт.