Биз №394-саныбызда гезитибиздин расмий www.super.kg сайтында жүргүзүлгөн “Сиз кайсы саясий партияны колдойсуз?” деген сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялаганбыз. Анда “Ата Мекен” 38,4 пайыз, башка партия 35 пайыз, КСДП 16,9 пайыз жана “Ак шумкар” 9,6 пайызга ээ болгон. Андан бери бир жарым ай өттү. Бул аралыкта өлкөдөгү саясий талаага жаңы оюнчулар кошулуп, партиялардын ортосунда тымызын күрөш башталды.
7-апрелден кийин бийликке ээ болгон үч партиянын добуштары жогоруда көп болсо, күн өткөн сайын ал деңгээлден төмөндөөдө. Буга байлыгынын артынан кадыры күчтүү айрым “экстердин” жаңы партия түзүп, добуш топтой баштагандары себепчидир. Мындан ары биз сиздерди www.super.kg сайтындагы жаңыланган сурамжылоонун жыйынтыктары менен тааныштырып турабыз.
Ал эми бул аптанын партиялар боюнча алдыңкы ондугу төмөндөгүдөй болду:
Ошондой эле алгачкы ондукка илинбей калган партиялардын ичинде “Жаңы Кыргызстан”, “Айкөл эл”, “Коммунисттер”, “Эгемен Кыргызстан”, “Эл арманы”, “БЭК” жана “Биз прогресс үчүн” бар.
Эскерте кетсек, биздин сайтыбыздын негизги колдонуучуларын интернет менен жакшы тааныш, шайлоо курагындагы кыргыз тилдүү жаштар түзөт.