Сати Казанованын "Фабрика" тобунан кеткенине бир ай болбой жатып, чыгармачылыгында жакшы жылыш бар. Жеке ырчы болууну каалаган Сати "Сегиздин жети бөлүгү" аттуу жаңы ырына клип тарттырып бүттү. Сюжет боюнча Казанова курбу кыздары менен экс-жигитинин вилласына жашыруун кирип, бийдин ритминде үйдөгү буюмдарды талкалап чыгат. Экс-жигитинин ролун "Армани" брендинин жүзү болгон модель жигит Алим Хоконов аткарды.