Пинк жеке концертин өткөрүүгө камынып жаткан. План боюнча ал цирктеги бир номерди аткарууга даярданып жаткан эле. Коопсуздук куру жакшы байланбай калганбы, айтор, ырчы бийиктиктен кулап түшкөн. Эс-учун жоготкон ырчыны "Тез жардам" келип реанимацияга алып кеткен. Учурда анын абалы тууралуу маалымат жок.