Бегимай Эсенгулова үчүн маршруткадан маршруткага түшүп кыйналган күндөрдүн баары артта калды. Ырчыга эч ким демөөрчү деле болгон эмес. Өзү көптөн бери топтоп келе жаткан акчага темир тулпар сатып алды. Жайкы эс алууну Көл жээгинде өткөргөнү Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү машинасын минип алып жөнөп кетти.