“Тумар” радиосу өзүнүн өнөктөштөрүн, досторун жана кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарын шаарыбыздагы оюн-зоок борборлордун бирине бинго оюнуна чогултту. Конокторго фуршет уюштурулуп, Курмангазы Азыкбаев, Атай Өмүрзаков, Мирбек Атабеков менен биргеликте кызыктуу шоу-программа тартууланды. Кеченин жүрүшүндө кызыктуу оюндар болуп, меймандардын көбү жеңишке ээ болушту. Алардын ичинен “Суперстар” долбоорунан чыккан “Нон-стоп” дуэти жек-пот утуп алышты. Ал эми ырчылар Гүлнур Сатылганова, Алихан жана шоумен Алексей Филатовго да ийгилик жылмайып, үйлөрүнө ири суммадагы акча менен кайтышты.