Кара көздүү кыздардын карегинен айланып ырдаган ырчы жигит 16-июлда мүчөл жашын белгиледи. Жакын санаалаштарынын курчоосунда куттук сөздөргө арзыган Дайыр керемет көлдө өзүнүн 24 жашын тосуп алды. Мүчөл жылы кызыл киет деген ырым-жырымды колдонгон ырчы кызыл кийимдерге гардеробун толтурганын айтат. Сахнадан кыпкызыл кийимчен жигитти көргөн күйөрмандары аны айттырбай таанышары анык.