Обону Жолдубай Кайыповго, сөзү Эркин Тазабековго таандык “Кел, бийлейли, ырдайлы” деген ыр эсиңиздеби? Эми ушул ырга Замир Арыкбаев Жолдубай аганын иниси Малдыбайдын уруксаты менен кайрадан өмүр берүүдө. Аталган чыгарманы Замир кайсы бир селки менен эмес, комуз менен аткарат. Дегеним, Замир “көк асманда сүттөй, ай, биздин сөздөр бүтпөй, ай” деп созсо, артынан комуздун коштоосунда дал ушул саптарды тыңдай аласыз.