Ош жана Жалал-Абаддагы кан төгүү учурунда Дүйнөлүк мусулман окумуштуулар биримдигинин (ДМОБ) президенти Юсуф аль-Карадави мусулман дүйнөсүн чыр-чатакты жөнгө салууга үндөгөн. Кырдаалдын оордугун эске алып, Ө.Текебаев биримдиктин өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырган. Чакыруу каралып чыгып, ДМОБдун 3-ассамблеясында 400дөн ашуун окумуштуулар Кыргызстандагы кырдаалды талкуулашкан.
Июнь айында аталган биримдиктин 11 окумуштуусу Кыргызстанга келип, эми жакында ДМОБдун президентинин келиши каралууда. Бул сапарда экономикалык жардам тууралуу сунуштар айтылып, кыргыздар менен өзбектердин ортосунда элдешүү иш-чараларын өткөрүшмөкчү.