Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин айрым кызматкерлери жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Алар директордун өз кесиби менен кызматка алынбагандыгын жана 72 жаштагы Т.Тургуналиевге башкаруу оор болорун айтышууда. “Биз анын жүргүзүп жаткан кадр саясатына каршыбыз”,- дешет алар.
Бирок Т.Тургуналиевдин айтымында, агенттиктин башына өз кишисин алып келүүгө аракет кылгандар атайылап ушундай жолго барышууда. “Мунун артында ким турарын билем, ал өкмөттүн аппарат башчысы – Эмил Каптагаев”,- дейт башкы токойчу. Ал эми бул айыптоого карата Э.Каптагаев расмий жооп кыла элек.