Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда “Жаштар аракечтик жана баңгизаттарды колдонууга каршы” деген ураан менен спорттук мелдеш болуп өттү. Анын ичинде футбол, волейбол, шахмат, аркан тартыш жана гиря боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр байгелүү сыйлыктарга ээ болушту.
Жалпысынан 14 айыл өкмөтү ойногон футболдо 1-орунду Чолпон айылы алып кетти. Бул иш-чараны уюштурган демөөрчүлөр ар бир айылдын спорттук аянтчаларын жана анын шаймандарын оңдоого көмөк көрсөтүүнү убада кылышты.