Убактылуу өкмөттүн курамынан кете тургандардын арасынан Азимбек Бекназаров гана калды. Ал буга чейин парламенттик шайлоого барарын жарыялаган. Ал түзгөн "БЭК" партиясы чогулуштарын өткөрүүдө. Бирок Азимбек мырза 7-апрель окуясындагы массалык өлтүрүү кылмыштары боюнча иликтөө иштери аяктагандан кийин гана кызматтан кетерин айтты.
Күч органдарынын куратору "кресло үчүн тырмышып жатат" деп ойлоо туура эместигин билдирип, "Ала-Тоо" аянтындагы кан төгүү иши аягына чыгып калгандыгын жарыялады.
“Мен отставкага кетем, бирок баштап койгон иштин аягына чыгуу – менин милдетим. Антпесем, эл дагы туура эмес түшүнүп калат”,- дейт жаңы бийликтин өкүлү.