Экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев 21-июлда Жалал-Абад шаарынын Спутник районунда кармалды. Аны менен кошо жүргөн эки жаран ИИМдин биринчи орун басары Мелис Турганбаев жетектеген атайын топтун кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Тинтүү учурунда үйдөн 75 октуу тапанча, бет кап, жасалма сакал-мурут жана кийме чач табылган.
Сурак берүүдө А.Бакиев улуттар аралык жаңжалга катышы бар экенин мойнуна алган. Бул иштерге кээ бир аткаминерлердин да тиешеси бар экендиги айтылууда. А.Бакиевдин эми Бишкекке алынып келиши күтүлүүдө.