Эл арасында "Комиссар Катани" деген атка конгон генерал-майор Өмүрбек Суваналиев “Ата Журт” партиясына кирип, Камчыбек Ташиев менен теңтөрага болгонуна көп убакыт боло элек эле. Эми жаңы партиянын төрагалыгына шайланды. Экс-депутат Бегалы Наргозуевдин айтымында, “Кыргыз жери” деп аталган саясий партия түзүп, аны жетектөөнү Ө.Суваналиевге сунуштаган. Өмүрбек мырза бул сунушка макул болгон. Көп өтпөй максаты окшош бир канча саясатчылар биригүүнү жана партиянын аталышын өзгөртүүнү чечишкен. Ошентип, ал “Эл добушу” деп аталып, ага экс-министр Жеңишбек Байгуттиев, экс-депутат Гүлнара Дербишева кирген.
Эскерте кетсек, Ө.Суваналиев июнь айында башталган түштүктөгү кан төгүү учурунда Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Кызматка келгенине көп болбой жатып, ал постту таштай качкан. Эми минтип “Ата Журттан” кетип, башка партияга төрагалык кылмакчы.
"Комиссар Катани" деп бул адамды идеал туткан айрымдар анын мындай кылык-жоругун түшүнө албай баштары маң. Атактуу кылмыш иликтөөчүнүн саясат айдыңындагы саякаты ушуну менен токтолор бекен?..