АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ОШТО КАЗА БОЛГОН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРДЕНГЕ ТАТЫКТУУ
Ошто болуп өткөн улут аралык араздашууда кызмат учурунда 10 милиция кызматкери каза болгон. Алардын арасынан Адил Султанов, Уран Шамурзаев жана Мыктыбек Сулаймановдор кызматташтарынын атынан 3-даражадагы Манас орденине, ал эми калган жети адам Эрдик орденине көрсөтүлүштү. Бул сунуш элибиздин президентине жөнөтүлдү.

ПАРАКОРЛУКТУН ПАЙДАСЫНАН ЗЫЯНЫ КӨП
Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынын пара алып жаткан адам кармалган. Шаардык салык кызматынын кызматкери жеке ишкерден коркутуу менен акча алып жаткан жеринен колго түшкөн. Эки жагына милиция кызматкерлеринин машинасы келип токтоп, паракордун машинасынын ичинен 5000 сом өлчөмүндөгү акчаны табышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

АЯЛДАРДЫ КЫЛМЫШКА ЭМНЕ ТҮРТӨТ?
Сокулук районунун Орок айылынын тургуну К.Анын өлүк денеси табылды. 62 жаштагы К.А. башына катуу тийген оор жаракаттан өз үйүндө жатып жан берген. Кылмыш болгон жерге барган Сокулук РИИБинин кызматкерлери аталган кылмышка шектүү адамды табышты. Ал 38 жаштагы аял экени белгилүү болду. Кылмышка шектүү аял каза болгон адам менен араздашуу ушул кылмышка түрткөнүн айткан. Аталган кылмыш иши боюнча азыр тергөө жүрүүдө.

ШИБЕГЕНИ КАПКА КАТА АЛБАЙ...
2008-жылдын күз айларында Жети-Өгүз районунун бир тургуну дайынсыз жоголуп кеткен. Кызыгы, бул тууралуу эч ким милиция кызматкерлерине кабар берген эмес. Милиция кызматкерлери бул иштин аркасынан түшүп, эки жылдан кийин гана сырдуу түйүндү чече алышты. Көрсө, 1977-жылы туулган С.А. киши колдуу болуп каза болгон экен. Бул кылмышка шектүү катары анын бир тууган агасы кармалып, тергөө учурунда инисин өлтүргөнүн моюнуна алган. Анын айтуусунда, инисин муунтуп өлтүрүп, чарбагына көөмп койгон. Табылган денеге эксгумация кылынып, кылмыш иши козголду.

ЖЕКЕ ИШКЕРГЕ КИМ КОЛ САЛДЫ?
Бишкек шаарындагы “Орто-Сай” базарынын жанында жеке ишкер, “Восст” компаниясынын кожоюну Валерий Хондун өмүрүнө кол салуу катталды. Колдоруна арматура кармаган үч белгисиз адам Хонду сабап, бир нече жолу бычак менен сайып кетишкен. Жабырлануучу учурда ооруканада оор абалда жатат.
Эскерте кетсек, Валерий Хон “Восст” телекомпаниясынын, Военно-Антоновка айылындагы нефть базанын кожоюну.


101 билдирет

ӨРТ БИР АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ
Ош шаарында 58 жаштагы аял өрттүн курмандыгы болду. Аталган шаардын Раззаков көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккан. Алоолонгон өрттүн айынан үй оокаттары, үйдүн 26 чарчы/метр аянты күйүп кеткен. Эң аянычтуусу, үйдүн кожойкеси А.Ерешенконун өмүрү кыйылган. Тамеки тартууда абайлабагандан өрт келип чыкканы белгилүү болду.

ҮЙДҮ ЖАЛЫН КАПТАДЫ
26-июль күнү Ош шаарынын Базарная көчөсүндө өрт чыккан. Эч ким жашабаган эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, анын айынан 1650 чарчы/метр аянт өрттөнүп кеткен. Саат 18:30да башталган тилсиз жоону өрт өчүрүүчүлөр 21:00дө өчүрүшкөн. Андан жабыр тарткандар болгон эмес. Ал эми маалыматтарга караганда, кимдир бирөө атайлап үйгө өрт койгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан