Мадонна багып алган эки баласынын мекени болгон Африканын чыгышындагы Малави Республикасына кайрымдуулук концертин өткөрүүнү пландоодо. Концерт буга чейинки болуп көрбөгөндөй чоң масштабда уюштурулууда. Ага менмен деген жылдыздар да катышат экен. Түшкөн каражат өлкөдөгү жакыр үй-бүлөлөргө таратылмакчы. Буга чейин ырчынын “Raising Malawi Foundation” деп аталган кайрымдуулук фонду бул өлкөгө жардам берип келген.