“Солт” тасмасынан кийин атактуу актриса Анжелина Жолинин капчыгы мурункудан да калыңдай түшкөнбү, айтор, жолдошу Питт экөө Италиядан 40 миллион долларга дагы бир особняк сатып алышты. 15 уктоочу жай, 7 ванна, үй кинотеатры, спорт залы, эки бассейн жана жакузиден турган бул особнякты жайкы эс алууну өткөрүү үчүн сатып алышканын да баса белгилешти.