“Фабрика” долбоорунан чыккан топтордо кетүү эпидемиясы жүрүп жаткан көрүнөт. Дегеним, ошол эле “Фабрика”, “Корни” тобунан кеткен ырчылар тууралуу буга чейин жазган элек. Бул ирет аталган долбоордон чыккан “Челси” тобунан ырчы Роман Архипов кетти. Роман: “Башка топ түзүп, мындан да оор музыкаларды, баллада, поп-рок ырларын англис тилинде ырдайын дедим. Бул каалоомду “Челси” тобунан аткара албайм”,- деп айтып өттү.