Учурда популярдуу “Forbes” журналы 6-жолу Орусиянын эң бай жана популярдуу 50 жылдызын аныктады. Жыйынтыгында, үч алдыңкы орунда примадонна Алла Пугачёва, теннисчи Мария Шарапова жана хоккейчи Александр Овечкин болгон. Алардын жылдык кирешеси 150 миллион долларга көбөйгөн экен. Бул тизмеде поп-музыканттар, “Comedy Club” долбоорунун мырзалары, киноиндустриянын өкүлдөрү жана жазуучулар да бар.