МОНГОЛ НАМЫСКА ЖАРАДЫ

Жергиликтүү кабарлардан

Эрежесиз эр мушташ

25-июлда Боровоеде (Казакстан) панкратион боюнча КМШ өлкөлөрүнүн катышуусундагы эл аралык мелдеш аяктады. Ага өлкөбүздүн бир катар командаларынан да мушкерлер катышып келишти. Алардын ичинен 65 килограмм салмакта Мирлан Асеков (лакап аты Монгол) чемпиондук наамды жеңип алды.
Мындан тышкары Тилек Жээнбеков (салмак категориясы – 100, «Локомотив»), Тилек Кийизбаев (80, «Локомотив») күмүш медалдарга татышса, байгелүү 3-орунга Рахманжан Муратов (65, «Стронг»), Эмилбек уулу Руслан (70, «Стронг»), Нурлан Тойчубеков (70, Ош), Темиржан Козуев (75, Ош), Улан Туманов (60, «Стронг») жана Мүрөк Абдиев (70, Талас) илинип кайтышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан