Эл аралык кабарлардан
Олимпиада толкунунда
Атактуу скрипкачы Ванесса Мэй 2014-жылы Сочиде өтүүчү Кышкы олимпиадалык оюндарга Таиланддын курамында катышууга уруксат алды. Эми буга Эл аралык олимпиада комитети да макулдугун бериши керек. Скрипкачы айым лыжа жарышы боюнча күчүн сынап көрүүнү пландаштырууда.
Ванесса 1978-жылы Сингапурда төрөлгөн. Атасы таиланддык болсо, апасы кытай улутунун кызы. Ал 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып, апасы англиялык атуулга турмушка чыгып кеткен. Ошондон бери Ванесса Англияда жашайт.