Азыр баары жайкы аптаптан качып, көлдү көздөй эс алганы барып жаткан учур. Көлдөн үй-бүлөсү менен эс алуудан келаткан Ынак Осмоналиев автокырсыкка учурады.
Токмоктогу курулуп жаткан көпүрөдөн өтөрдө машинасы менен сууга кулап кетишкен. Кудай сактап, үч кызы, жубайы, өзү аман калды. Ал эми машинасы жарактан чыкты. Учурда Ынак үй-бүлөсү менен ооруканада дарыланып жатат. Биздин жамаат ырчынын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, тез аранын ичинде сакайып кетишине тилектеш.