Төкмө акын Аалы Туткучевдин таамай айтылган курч сөздөрү айтыш сүйүүчүлөрүн бирде күлдүрсө, бирде ойлонтот десек аша чапкандык болбос. Аалы 7-апрелден берки кыргыз элинин асманында айланган кара булутка жүрөгү өйүп, патриоттук сезимдеги бир нече ыр жараткан. Анын ичиндеги “Сокур кемпир” ыры ар бир кыргыздын канына элим-жерим деген сезимди куюп, ал гана эмес жашытат. Мына ошол ырлар камтылган жыйнак азыр колдон-колго суралууда.