Эсиңизде болсо, кайсы бир жылы кайрымдуулук концертин өткөргөн боюнча Фатима Султанова деген ырчы айым көрүнбөй кеткен. Көрсө, Фатима айым Орусияга барып иштеп, жашоо кечирип жатканына 3 жылдын жүзү болуптур. Эки кызы менен Орусияда турган ырчы айым ал жакта репертуарындагы ырларын ырдап иштеп жатканын билдирди. Ал гана эмес, Екатеринбург шаарынын атынан бир фестивалга барып, 3-орунду алганын айтып өттү. Учурда Кыргызстанга келип ыр жаздыруу менен алектенип жүрөт.