Өзү студия ачкан Айжан Газиева таланттуу балдар-кыздарды тарбиялоо менен алек. Ал гана эмес, стили, үнү жагынан өзгөчөлүү үч кыздан турган топ ачайын деген ниетте жүргөнүн айтат. Мындан сырткары эки сымбаттуу жигитти да сахнага алып чыгууга кийим-кечектерин тиктирип жатат. Айжанды ырчы деп да, продюсер же мугалим деп да билип калат окшойбуз.