Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов 8-августта Түркияга фестивалга аттанарын билдирди. Түрктөрдүн ТРТ телеканалы уюштуруп жаткан фестивалга ырчы “Ойлойсуңбу?” жана сөзү, обону өзүнө таандык “Татына” аттуу ырлары менен барат. Түрк тилдүү мамлекеттер катышкан сынакта ырчы мырза канчанчы орунду алат, азырынча белгисиз. Кантсе да кыргыз жүзүн таанытчу талантка ийгилик каалайлы.