БАЗАР БАШЧЫСЫНЫН ҮЙҮНДӨГҮ ТРАГЕДИЯ

Жыл башында башкалаада үрөй учурган кандуу окуя болуп өттү. Беткап кийип, түнкүсүн бир үйгө кирген үч жигит уйкуда жаткан үй ээсин, анын жубайы менен жаңы баскан небересин койчо мууздап салышкан. Кылмышкерлер үйдөгү темир сейфти алып кетишкен. Маалыматтар боюнча, сейфте ири суммадагы акча, алтын-күмүш зер жасалгалары бар болчу. Ишти иликтеп жүргөн опертоп кылмышкерлерди маркумдун дос-душманынын арасынан издештирип жаткан. Бирок, шектүү киши маркумдун бүлөсүнөн табылды.

БИР ҮЙДӨ ҮЧ ӨЛҮК
Коммерция жаңыдан пайда боло баштаган кезде шаардын ээн жаткан жерин көп жылдык ижарага алып, базар ачкан бул кишини тааныштарынын баары сыйлап турушаар эле. Ошондой абройлуу киши жубайы, небереси менен кошо бир түндө жайрады да калды. Кылмышка маркумдукунда жашаган үй кызматчысы күбө болгон. Анын айтымында, түнкүсүн кирген үч кылмышкерди көрүп калып, алар кеткиче ашкананын терезесинен титирей шыкаалап тура берген. Опертоп ишти маркумдун уулу менен кызын суракка чакырып, алардын атасынын душмандары болгон-болбогонун аныктоо аракетин көрүштү. Суракка биринчи болуп маркумдун кызы Рахат чакырылды. Кылмыш иликтөөчү кепти созуп отурбай ток этээр жеринен баштады.
– Азыр силерге кандай кыйын экенин көрүп турам. Бирок, суроого жооп беришиңиз керек. Атаңыздын душмандары бар беле?
– Атамдын иштерине мен эч качан аралашкан эмесмин. Өзүм менен өзүм жүрө берчүмүн. Эми...
Ал токтоно албай шолоктоп ыйлап жиберди. Иликтөө­чү бир сүйлөп, бир ыйлаган Рахат менен үч саат отуруп, кыйраткан маалымат ала албай, аны үйүнө жөнөтүүгө аргасыз болду. Ал кеткен соң маркумдун уулу Рысбекти чакырды. Кантсе да эркек бала эмеспи, карындашындай болуп шолоктобой, өзүн кармап, көп маалымат айтып берди. Атасы менен тил табыша албай жүргөн айрым бизнесмендердин ысымдарын атап, атүгүл, алардын бири эки жыл мурун базарды тартып алмакчы болгондугун да эстеди.
– Ал киши кийин далай жолу бет келишип, биз менен учурашып жүргөн. Эки жыл мурунку тирешүүнүн өчүн алам деп атама кошуп апамды, менин баламды өлтүртүүгө ал батынбайт болчу.
– Эмне, ал кишинин бардык иштеринен кабардарсызбы?
– Жок. Жүз көрүшүп жүргөн адам мындай кылмышка барат деп ишене албай жатам да.
– Макул, анын бул ишке тиешеси бар-жогун биз тактайбыз. Сиз болсоңуз атаңыздын акыркы жылдары жүргүзгөн иштерин тактап айтып бериңиз.

"МАРКУМДУН КЫЗЫ БАҢГИ КӨРҮНӨТ"
Бир аптадан бери ушул иш менен алек болгон опертоп кылмыш иликтөө бөлүм башчысынын кабинетине чогулду.
– Криминалисттер бүгүн текшерүүнүн жыйынтыгын беришти. Окуя болгон жерден үйбүлө мүчөлөрүнүн жана үй кызматкеринен бөлөк адамдын бармак изи табылбаптыр. Кылмышкерлер колкап кийип киришкен өңдүү.
– Бирок, бут кийимдердин изи көр­сөткөндөй, үйгө үч киши киргени анык. Кылмышкерлердин үчөө экенин үй кызматкери дагы айткан.
Күбө тууралуу кеп козголгондо бөлүм башчысы жанындагы жигитке кайрылып дайындай кетти.
– Баса, бизде азыр жалгыз гана күбө – ошол үй кызматкери. Ал аялга айткыла, бул иште күбө өтүп жатканын эч кимге билдирбесин. Айрыкча кылмышкерлер билбеш керек. Маркумдун уулу менен дагы сүйлөшүп көрдүңөрбү?
– Сүйлөшөөрүн сүйлөштүк го. Бирок...
– Эмне, бирок?
– Шеф, маркумдун кызы тууралуу маалымат жыйнап көрбөйлүбү. Кечээ Рысбектин үйүнө барсам, келинчеги бар экен. "Иликтөө иштери боюнча келдим" деп баштаганымда эле ыйлап кирди. "Билем, бул ишти ким жасатканын. Атасын тажатып бүткөн соң ачууланып, акча бербей койгонуна жини келип жүргөн. Анан атасы базарды өзүнө эмес, менин уулума энчилеп берээрин укканда чыдабай кетти да. Ушул баңги баарыбызды курутуп бүтмөй болду",- дейт ый аралаш. Кайынсиңдиси жөнүндө айтып жатканын түшүнүп, эми жакшылап сураштырайын десем, күйөөсү келип калды. Андан карындашы тууралуу сурасам, жооп бербей койду. Ушул кыздын айланасында чыр-чатак бар өңдүү. Сыягы, баңги көрүнөт.
– Макул, сен анда эртең ишти биринчи ошол кыздан башта. Группалаштарынан, досторунан, кошуналарынан сураштыр.
Жыйналышты бүтүргөн иликтөөчү топ үйлөрүнө кетишкен. Бир сааттан соң уйкудагы алардын ар бирин бөлүм башчы телефон чалып ойготту. Маркум базар башчысынын үй кызматчысын бирөө бычактап кетиптир.

ҮЙ КЫЗМАТЧЫСЫНЫН ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛУУ
Шашылыш кирип келишкен опертопту ооруканада "жабырлануучуну операцияга киргизип кетишти, абалы оор эмес" деп токтотушту. Үй кызматчысын бирөө бычактап качып кетиптир. Кудай жалгап, бычак бөйрөккө жетпей токтоптур. Аялдын аман калаарын уккан соң кылмыш иликтөө бөлүм башчысы жеңилдене дем тартып, жанындагы жигиттерди чекеге чогултту.
– Үй кызматчысынын кылмышкерлерди көргөнүн бизден тышкары маркумдун эки баласы, келини гана билет эмес беле. Мен аларга "ата-энеңерди кимдер өлтүргөнүн билгиңер келсе, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу эч кимге, атүгүл жакын тууган болсо да ооз ачпагыла" деп катуу дайындаган элем.
– Шеф, балким, өзүлөрүнүн ичинен эле бирөө заказ берген чыгаар...
– Мен да ошону ойлоп жатам. Жанагы кызды жакшылап текшерип чыгуу керек. РИИБдин күзөт бөлүмүнө чал, бул жакка бир кызматкер жөнөтсүн. Айыгып кеткиче бул аялды сыртынан кайтарып туруу керек.
Күнү бою Рахат тууралуу сураштырган кылмыш иликтөөчү бир топ маалыматтарды чогултту. Бул кыз шаардагы престиждүү саналган окуу жайлардын биринде окуйт экен. Группалаштарынын көп­чү­лүгү Рахатты жактырышпайт өңдүү. "Сабакка көп келбейт. Экзамендерди акча берип бүтүрүп алат",- дегенден бөлөк эч нерсе айтпай коюшту. Алия аттуу бир кыз гана: "Ата-энеси бир эмес, эки ирет баңгилигин койдуруу үчүн ооруканага жаткырышкан. Таштата албай коюшту. Жанагы окуя болоордон эки күн мурун түнкү клубдан көргөм. Өзүнө окшогон баңги достору бар, ошолор менен жүргөн",- деп жооп берди.

"МЕН АЛАРДЫ ӨЛТҮРГҮЛӨ ДЕГЕН ЭМЕСМИН"
– Шеф, ооруканадан чалып жатышат. Оперлердин бири бөлүм башчысынын кабинетине чуркап келди. Телефондо кыска гана сүйлөшкөн бөлүм башчы жанына бир жигитти ээрчитип оорукананы көздөй жөнөдү. Жолдо баратып жанындагы жигитке айта кетти.
– Бекеринен шекшибеген көрүнөсүң. "Рахатты үй кызматчысынын палатасына уурданып кирген жеринен кармап алдык" деп чалышты. Палатага күзөтчү койгонубуз жакшы болгон экен.
Заматта ооруканага жеткен эки кылмыш иликтөөчү үй кызматчысы жалгыз жаткан бөлмөгө кирип барышты. Өңү чөптөй кубарган Рахат жерде, күзөткө коюлган кызматкер аны кайтарып босогодо туруптур. Кылмыш иликтөөчүлөрдү көргөндө кеберсип кургап чыккан эриндерин араң эпке келтирип: "Мен аларды өлтүргүлө дебегем. Тек коркутуп гана сейфти алып чыгып кеткиле деген элем",- деп шыбырап, башын шылкыйтып отуруп калды. Бөлүм башчынын алдын торой калган күзөттөгү кызматкер: "Бул айым түшкү уйку кезинде палатага уурданып кирип, оорулуунун мурдунан дем алдыруучу аппаратты алып, колуна сайылган тамчылатма дарыны сууруп салмакчы болду. Дал ушул учурда аны кармап калдык",- деп отчёт бере кетти.
Рахатты бөлүмгө жеткирген кылмыш иликтөөчүлөр ошол эле күнү кафелердин биринде бильярд ойноп жаткан эки жигитти кармап келишти. Жигиттердин биринин үйүндөгү сарайдан жоголгон темир сейф табылды. Кулпусун темир кескич менен араалап ачканга үлгүрүшкөн экен. Сейфтеги акчаны, кымбат алтын-күмүш зер жасалгаларын бөлүшүп алганын айтышып, бекиткен жайларын көрсөтүп берүүгө аргасыз болушту. Шектүү кишилер кармалганын угуп, азыр баарын талкалап, жеп-жутуп салчудай болуп бөлүмгө жетип келген Рысбек эки жигиттин катарында отурган карындашын көрүп көзү алайып кетти. Бечара жигитке ата-энеси, уулунун өлгөнү бир тең да, аларды карачечекей карындашы заказ кылып өлтүрткөнү бир тең болду. Көздөрү жашка толгон карындашы агасынан жүзүн жашырып, башын терс буруп кетти.

Даярдаган Айбек Нурадилов.
Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 291, 30-май - 5-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан