Үнү жана өзүнүн стили жагынан айырмаланган ырчы кыз Каныкейдин заманы болуп турат десек жаңылышпайбыз. Анткени ырчынын учурда аты алыска тарап, өз күйөрмандарын тапканга жетишти. Өзү сөзүн жазып, обон чыгарып, бир топ ырларды аткарып жүргөн Каныкей “Носонтэ” ырын ремикс вариантында ырдап чыкты. Таланты таш жарган Каныкей жакынкы күндөрдө концерт бергени турат.