25-июлда күндүзгү саат төрткө жакын Темир Назаров уулдуу болду. Тун кызы төрөлгөндө келинчегине моралдык колдоо көрсөтүп жанында турган ырчы уулун да өзү тосуп алды. Ымыркай 3 килограмм 250 грамм салмакта жарыкка келди. Наристенин ысымын Ырыскелди деп жаш ата өзү койду. Темирдин бул ысымды тандап алышына Ош жергесинде болгон коогалаң түрткү болгон. Эми бул аймакка ырыс келип, тынчтык орносун деген ниетте Ырыскелди койгон. Ал эми экинчи себеби, ырчы Ырыскелди Осмонкуловдой белгилүү адам болсун деген тилек.