Көптөн берки “актриса турмушка чыгат” деген ушактар чындыкка айланды. 28-июль күнү Лиза Максим Матвеев аттуу актёрго турмушка чыкты. Кызыгы, жаштардын үйлөнүү тоюна эл көп келбептир, алтургай атасы Михаил Боярский да көрүнгөн эмес. Актриса нике үйүнө жынсы шым, футболка, кара көз айнек менен келген. Болгону, чачы ак ленталар менен кооздолгон. Катталары менен эки жаш лимузинге түшүп, папарацциден качып жөнөшкөн. Үйлөнүү салтанатында Лизанын апасы жанында болгон.