ЖОЛИ МОСКВАДА

Кечээ жакында Москванын кенен көчө­лө­рүндө Голливуддун таланттуу актрисасы Анжелина Жолини көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Анткени актриса өзү башкы ролду аткарган “Солт” фильминин бет ачар аземи Москва шаарында өткөрүлгөндүктөн, аталган шаарга келген. Бет ачары “Октябрь” кинотеатрында коюлуп, атактуу актриса кызыл килемден басып өттү. Кошумчалай кетсек, кинолордун жумалык рейтингинде “Солт” тасмасы түшүмдүүлүгү жагынан экинчи орунга илинген. Ал бир жумада 36,5 миллион доллар тапкан. Ал эми биричи орунда Леонардо ди Каприо башкы ролду ойногон “Башталышы” аттуу триллер турат. Ал бул жумалыкта 43,5 миллион доллар киреше тапкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан