БИЗ СҮЙГӨН СОВЕТТИК МУЛЬТФИЛЬМДЕР

Кичинекейиңизде көргөн советтик мультфильмдер эсиңиздеби? Эң сүйүктүү мультфильмиңиз кайсы? А каарманыңызчы? Ал эми мультфильмдеги ырларды дале унута элек болсоңуз керек? Жарык маанай тартуулаган каармандар, биз ишенген жомоктор, биз сүйүп көргөн мультфильмдер турганда каяктагы Шрек, каяктагы Фиона? Балалык кездеги советтик мультфильмдерди эске салып, биротоло алардын жаралышы тууралуу кызыктуу маалыматтарды билип алалы.

«СОЮЗМУЛЬТФИЛЬМДИН» ТАРЫХЫНАН
1936-жылы 10-июнда Мамлекеттик “Союздетмультфильм” киностудиясы ачылган. 1937-жылы 20-августта студиянын атын “Союзмультфильм” деп өзгөртүш­көн. 1980-жылы студиянын текчелеринде 40тан ашуун даяр мультфильмдер болгон эле, азыр бул сан 1200дөн ашат. Учурда студия жаңы долбоорлор үстүндө эмгектенүүдө. Макалада саналган мультфильмдердин баары дал ушул студияда тартылган.

«КАРЛСОН», 1968
Жаңы жомок жазуу, эч кимге окшобогон каарман ойлоп табуу оңой эмес. Швед жазуучусу Астрид Линдгрен да “чатырдын үстүндө жашаган Карлсонду” бат эле ойлоп тапкан жок. Күлкүлүү, мээримдүү, шайыр, тентек, бираз таарынчаак китеп каарманы Карлсон тез аранын ичин­де окурмандардын жүрөгүнөн орун тапты. Анан биринин артынан бири театралдык спектаклдер коюла баштады. Биздин эсибизде болсо Карлсон мультфильм каарманы болуп калды. “Союзмультфильм” Карлсон жөнүндө “Бөбөк менен Карлсон” (1968) жана “Карлсон кайтып келди” (1970) деген эки бөлүмдү тартып чыгарган. Үчүнчүсүн тарта баштаганда режиссёр башка иштер менен алектенип, “Карлсон” ошол бойдон текчелерде чаңдап кала берген. Антсе да эки мультфильмдин аркасы менен Карлсон, Бөбөк, бала багуучу эң популярдуу мультфильм каармандары болууга жетишишти. Дубляжда бөбөктүн үнүн советтик анимациянын ханышасы Ольга Румянова, бала багуучунукун Фаина Раневская коштогон. Карлсондун ролун аткара турган актёр көпкө чейин табылбай жаткан. Бир жолу режиссёр Анатолий Савченко анын иш бөлмөсүнө күн сайын бир партия шахмат ойноого келип жүргөн актёр Анатолий Ливановго ролду сунуштап көргөн. Режиссёр каалагандай тили таттуу Ливанов Карлсондун так эле өзү болуп чыга келген.

«БРЕМЕНДИК МУЗЫКАНТТАР», 1969
Бир жагынан сатылган пластинкалардын рекорддук саны (28 миллион) менен ми-ллиондогон көрүүчүлөрдүн сүйүүсү мультфильмдин жаратуучуларына популярдуулук алып келген. Экинчи жактан “мюзикл – Батыштын жаман таасири” деген сын сөздөр бул жагымсыз маселелерди жаратпай койгон эмес. Өлкөдөгү сүйүктүү мультфильмдердин бири болгон “Бремендик музыканттар” бир да сыйлык алган эмес. Ал эми режиссёр Инесса Ковалёвскаяны “профессионал эместиги” үчүн Кинематографисттер союзуна кабыл албай коюшкан. Мультфильм-мюзиклдеги каармандардын үндөрүн коштоо үчүн көптөгөн артисттерди чакырышкан. Бирок, алар келбей коюшуп, ханбийкеден башка бардык ролдорду бир гана адам (!) аткарууга туура келген. Жигит, Короз, Мышык, Эшек жана Ит, алтургай Хан менен Атаманшанын (каракчылардын башчысы) үнүн да жалгыз Олег Анофриев деген актёр аткарып берген. Ал эми ханбийкенин үнү менен Эльмира Жерздева ырдаган. Дубляж түнкү 12де башталып, таңкы 5те толук бүткөн.

«ЧЕБУРАШКА», 1969
“Чебурек, чемодан...чебурашка. Жок, “чебурашка” деген сөз энциклопедияда жок экен...” Мына ушундай жөнөкөй фраза биз сүйгөн мультфильмди эске салат. Чындыгында эле Чебурашка – ойдон чыккан каарман. Анын үч “атасы” бар. Бир жолу жазуучу Эдуард Успенский көчөдөн капилет кичинекей кызды көрүп калган. Өзүнөн чоң көлөмдөгү тон кийген кыз улам этегин басып жыгылып жатканынан анын ата-энеси эркелетип “Чебурашка” деп аташкан. Ошондо жазуучу Чебурашка деген табышмактуу жандыкты ойлоп тапкан. Анан аниматор Леонид Шварцман анын кейпин тартып, ал эми режиссёр Роман Качанов “жан берген”. Адегенде Чебурашка айсбергден эрип чыгышы керек эле, кийин аны ар түрдүү оюнчуктардын бөлүктөрүнөн чогулган оюнчук кылууну чечишкен. Бирок, акыры Чебурашка апельсин салынган жашиктин ичинен пайда болот. Гена, Шопокляк сыяктуу унутулгус каармандары бар мультфильмди 9 ай тартып, 10-ай дегенде экран бетинен көрсөтө башташкан.

«ВИННИ-ПУХ», 1969
Англиялык жазуучу Алан Мильн өзүнүн уулу Кристофер Робиндин кыялдарын жазып отуруп чыгарма жараткан. Анын башкаарманы Винни-Пух деген мамалак эле. Совет эли бул каарманды Борис Заходердин демилгеси менен “Винни-Пух жана баары, баары, баары” аттуу китеби чыкканда таанышкан. Бул жомоктун негизинде тартылган эң биринчи мультфильмдин режиссёру Ф.Хитрук 1976-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми шайыр Винни-Пух, тарбиялуу Коён, акылман Үкү жана коркок Торопой – кичинекейлер үчүн да, чоңдор үчүн да эң сүйүктүү каармандардын бири болуп калган.

«АРСТАНДЫН БАЛАСЫ МЕНЕН ТАШБАКА КАНТИП ЫРДАШТЫ», 1974
Бир топ жашка барып калган Ташбака айым менен арстандын Ррр-мяу аттуу кичинекей баласынын чогуу ырдаган ырын билбеген, укпаган адам арабызда жок болсо керек. Көрсө, Ташбака менен Ррр-мяунун таанышканын сүрөттөгөн окуя мультфильмдин башталышы гана турбайбы. Белгисиз себептерге байланыштуу дагы бир нече бөлүгү тартылбай калган. Эгерде бул тилек ишке ашса, көрүүчүлөр Ташбака айымды Крокодил-дил-дил жутуп алганын, анан Ррр-мяу менен Носорог-рог-рогдун Ташбаканы издегендерин, анан албетте, аны куткарып алышканына күбө болушаар эле. Эмнеси болсо да жөнөкөй окуяны чагылдырган мультфильм анын жакшынакай каармандары жана ыры менен ар дайым эсибизде.

«ЛЕОПОЛЬД АТТУУ МЫШЫКТЫН ЖОРУКТАРЫ», 1975
1975-жылы алгачкы жолу экранга чыккан “Леопольд аттуу мышыктын жоруктары” мультфильми улам сайын жаңы кызыктуу окуялар менен толукталып отуруп, 1981-жылы акыркы 11-бөлүгү жарык көргөн. Алардын баарында Леопольд менен анын түбөлүк душмандары болгон эки чычкандын ортосундагы талаш-тартыштар сүрөттөлөт. Бирок, ар бир бөлүм атактуу фразага айланган Леопольддун “Достор, келгиле, ынтымакта жашайлы” деген сөзү менен аяктайт. Бул мультфильмдин каармандарын тарткан сүрөтчүлөрдүн фамилиялары да чыныгы аниматорлордукундай эле: Буся (Борис Буся) жана Чаня (Борис Чаня). 1990-жылдардын башында америкалык “Том менен Жерри” мультфильминин жаратуучуларынын бири Орусияга келип, “Леопольдду” сатып алууну көздөгөн. Бирок, советтик аниматорлор албетте, макулдугун беришкен эмес. Ал эми “Леопольд” Америкага да жеткенде жергиликтүү гезиттерде “Микки Маус, абайла, Леопольд келатат!” деген темалар жарык көргөн. Өкүнүчтүүсү, биз жакшы көргөн мультфильмдин режиссёрлору Анатолий Резников менен Вячеслав Назарук “Леопольддун” үстүнөн автордук укукка ээ болуу үчүн бир нече жылдан бери соттошуп келе жатышат.

«38 ТОТУКУШ», 1976
Бир нече бөлүмдөн турган “38 тотукуш” – анын режиссёру Леонид Щварцмандын эң жакшы көргөн эмгеги. “Пил менен Маймылдын образы тез эле жаралды,- дейт мультфильм туурасында автор,- Бирок, эмнегедир Жыланым эч окшошпой туруп алды. Зоопаркка барып жыландарды тартып жүрдүм, алардын жүрүм-турумун байкадым. Акыры башын узартып, кашын көтөрүп, бетине сепкил тартып койсом, мен каалаган Жыландын образы пайда болду”. Мультфильмдеги дагы бир сүйүктүү каарман – Тотукуш. Тасма жарык көргөндө көпчүлүк акылдуу, бардыгын башкара алган, маселени оңой чечкенТотукушту Ленинге окшоштурушкан экен: куштун баскан-турганы, канаты менен ишарат кылганы чынында эле саясый лидерди эске салган. Акыры автор: “Лидерге ашыкча бөлүктүн кереги жок”,- деп Тотукуштун куйругун алып салган.

«ПРОСТОКВАШИНОДОГУ ҮЧӨӨ», 1978
«– Бул ким? – Почточу Печкин» деген сөз кулагыңызга бир топ эле сиңип калса керек. Фёдор таяке, Матроскин, Шарик, Печкин, баланын ата-энеси – кайталангыс, алмаштырылгыс каармандар. Аларды эки башка аниматор тарткан: жаныбарларды – Николай Ерыкалов, адамдарды – Левон Хачатрян. Ерыкалов үчүн баарынан оору – жаныбарларды “кийинтиш” эле. “Мен алардын куйруктарын каякка катаарымды билбей жатам?”- дей берчү экен аниматор режиссёрго ыйлап барып. “Эл эмне, адамча сүйлөп жаткан жаныбардын куйругун карамак беле?!”- деп суроо менен жооп берген өз кезегинде режиссёр Владимир Попов. Ал эми Хачатрян Фёдордун апасын өзүнүн аялын карап тарткан: келбеттүү, чачы кыска, көз айнекчен. Мультфильм даяр болгондо аны эмнегедир экранга чыгарууга уруксат беришкен эмес. Анын себеби, сценарийде цензурадан өтпөй турчу диалог бар имиш. Көрсө, ал Шариктин “этти азыр дүкөндөрдөн алган жакшы, сөөгү көбүрөөк” деген сөзү экен. Эки ай талаш-тартыштан кийин маселе “Простоквашинонун” жаратуучуларынын пайдасына чечилген.

«ЖОГОЛГОН ТОТУКУШТУН КАЙТЫП КЕЛИШИ», 1984
Өзүнүн катаал кыялынын айынан түрдүү балээге кабылган үй тотукушу Кеша – баарыбыз үчүн унутулгус каарман. Үч бөлүктөн турган мультфильм балдарга арналса да чоң киши тасманы көрүп, өзү үчүн да көп кызыктарды таба алат. Бир күнү жазуучу Александр Корляндский терезеден кышта тоңуп отурган үй тотукушун көрүп калат. “Бул кайдан учуп чыккан, үйүнөн качып кеткен го, балким, ээсине таарынган чыгаар?” деген сыяктуу ойлордон улам Кешанын образын ойлоп тапкан. Режиссёр Караваев бул образды кагаз бетине түшүрсө, мультфильмде анын үнүн атактуу куудул, сатирик Геннадий Хазанов коштогон. Жаратуучулар Кеша мынча популярдуу болот деп күтүшкөн эмес. “Билайн” компаниясы ушул мультфильмден алынган “Тотукушка боштондук!” деген фразаны телефондорго коңгуроо катары жаздырып алган.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 291, 30-май - 5-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан