Төрт жигиттен турган “Бригада” тасмасын ким билбейт? Жакында бул тасманын уландысы тартылганы турат. Уландысын тартууну мурун эле пландашканы менен, баш каармандын ролун аткарган Сергей Безруков тасманын уландысын ойногондон баш тартып койгондуктан, убактылуу токтоп калган. Эми Саша Белыйдын ордуна башка актёр даярдалууда. Ал эми Екатерина Гусева “Бригада-2ге” тартылууга макулдугун берген. Тасманын уландысы Сашанын уулу тууралуу болмокчу. Ал ролго Андрей Макаревичтин уулу Иван тандалды. Андан тышкары Дмитрий Нагиевдин уулун да бул тасмадан көрүүгө болот. “Фильмдин бюджети 5 миллион долларды чапчыганы турат” дешет кино жаратуучулар.