Кыргыз тасмалары чет өлкөнү да багындырууга чындап киришишти. Маданият министри Садык Шер-Нияздын билдирүүсүндө, кыргыз кинолорунун бир жумалыгы Стамбул шаарында болуп өтөт. “Кыргызстан - кыска метраждуу кинолордун өлкөсү” долбоорунун жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары түрк туугандарга биздин тасмаларды көрсөтүп кайтышат. Учурда тасмалар түрк тилине которулуп даярдалууда.
Ал эми Италияда “Сан-Гио” Эл аралык фестивалында Садык Шер-Нияз продюсерлик кылган “Кыл” аттуу тасма көрсөтүлөт. Тасманын режиссёру – орусиялык Марина Ильина. Фильмдин бет ачары жылдын башында Кино үйүндө тартууланган болчу. Сүйүү жана эркиндик тууралуу баяндалган бул тасма кыргыздардын атынан фестивалга катышмакчы.