Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин экс-директору Топчубек Тургуналиев “Тазалануу жөнүндө” мыйзамы мафия менен күрөшүүгө жардам берет дейт. Анын айтымында, апрель революциясы өз максатына жеткен жок. “Бирок бийликти Акаев жана Бакиевдин куйруктарынан тазалоого чыныгы мүмкүнчүлүктөр бар”,- дейт ал.
Токойчу Топчубек Тургуналиев бүгүнкү бийликте бакиевчилер отурганын жана жүздөгөн революциянын лидерлери жумушсуз калгандыгын айтат. Муну менен өмүр бою оппозицияда жүргөн Тургуналиев өзүн да мисалга кошкондой. Анткени жетекчилик кызматынан алынгандан кийин аталган агенттиктин тегерегиндеги ызы-чуунун аягы көрүнбөйт.