Эл аралык коомчулук Кыргызстанга 1,1 миллиард доллар өлчөмүндөгү каржылык жардам берүүнү чечти. Бул каражат 30 айдын ичинде, анын 600 миллион доллары быйылкы жылдын аягына чейин өткөрүлөт. Каражаттын бир бөлүгү грант түрүндө, калганы кредиттик негизде берилет. БУУнун баш катчысынын жардамчысы Кори Удовички 1 миллиард доллардан ашуун каражатты ооз көптүрүп айтылбаганын жарыялады. Ал эми каржы министри кезектеги жардамга келген акча жыл сайын өсүп жаткан тышкы карызды көбөйтүп жибербесин айтат.
Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министри Айгүл Рыскулованын айтымында, орточо эсеп менен ар бир үйгө 6 миң доллар кетет. “Жаңы үйлөрдүн курулушу эң жакынкы күндөрдө башталат. Ал эми көп квартиралуу үйлөр эмки аптадан баштап тургузулат. Буга Ош шаарынын аймагынан жети жер тилкеси бөлүнгөн”,- дейт Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов.