ЧӨНТӨГҮҢДҮ КАРАЧЫ, СӨЛКӨБАЙЫҢ САНАЧЫ...

Борончу Кудайбергенов:
– Чындыгында менин чөн­тө­гүмдө дайыма 500-600 сом жү­рүүсү керек. Себеби, машинага май куйганга, токтоткон жердин акысына, курсак ачса тамактанууга жана башка майда-чүй­дө­лөр үчүн четинен керектеле берет. Бирок, азыр чөнтө­гүмдө 100 эле сомум бар экен.

Күмөндөр Абылов:
– Канча акча бар дейсиңби? Мен­де жарыткан деле акча жок. Болгону 200 сомум бар. Аны каным катып суусап кетсем суусундук ичейин, машинамды атайын жай­га токтотууга туура келсе, анын акысына берейин деп алып алгам. Негизи, менин чөн­тө­гүмдө майда акчалар деле жүрө берет. Себеби, башкаларчылап тамеки чекпейм, ошондуктан, акчам жөнү жок коробойт.

Жеңишбек Токтобеков:
– Негизи, ар бир жигиттин чөн­төгүндө жок дегенде 10 сом жү­рүүсү шарт. А меникинде 185 сом бар экен. Машина айдап жүргөн­дүктөн, дайым чөнтө­гүмө акча салып жүрөм. Жол жүрүүдө кандай болуп кетет ким билет, туурабы? Балким, машинанын майы түгө­нүп калат же бузулуп калат дегендей. Ошондуктан, машинамдын “аба-ырайына” карап, чөнтөктөн акча үз­бөгөнгө аракет кылам.

Асылбек Өзүбеков:
– Мына, өзүң көргөндөй 817 сом болду. Чөнтөккө күнүм­дүккө деп салган акчаларым майда-чүй­дөмө, тамекиме жарайт. Бирок, азыр кулисада концерт бүт­көндөн кийин “бир­деме деңиз” деп жана тамашалап калган Сакиш менен Гүкүш ыктытып коюп күтүп турушат. Атаңкөрү, көздөрү эле кылгырат! Эмне кылам, акыры көнөм да. Эми алар бул акчанын канчасынын түбү­нө жетишет билбейм...

Асел Турдалиева:
– Мен азыр жаныма көп акча салып жүргөндөн аябай коркуп калгам. Себеби, бая күнү көчө­дөн сумкамдан 22 миң сомумду алдырып жиберген элем. Ошондон бери “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп коркуп калдым. Азыр жанымда 1 доллар, анан 118 сом акча бар экен. Муну суусап кетсем суусундукка, бир нерсе жегим келип кетсе ага керектейин деп салып алгам.

Жакут Сыдыков:
– Негизи эле мен жол киреден тышкары чөнтөгүмө ашык акча салбайм. Кудайга шүгүр, азыр менде 150 сом бар экен. Бул менин күндүзү тамекимден, жол киремден ашканы. Бирок, анан үйгө кетип жатып да эртеңкинин камын көрүп тамеки алуум керек. Калганы маршрутка жок болуп калса, таксиге коромокчу.

Даярдаган Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 189, 16-22-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан