Парламенттик шайлоонун расмий датасы жарыялана электе ар түрдүү үгүттөө иштери жана партиялардын кошулуусу башталды. Бул аптанын саясий партиялар боюнча жаңылыгы – Адахан Мадумаров менен Мирослав Ниязовдун биригүүсү. “Биздин партиялардын саясий платформасы жана социалдык-экономикалык багыты окшош”,- дейт А.Мадумаров.
Анын айтымында, дагы бир партия алардын курамына жакында кошулушу ыктымал. Бирок Шайлоо жөнүндө кодекс толугу менен жактырылгандан кийин гана эки партиянын биригиши юридикалык жактан бекемделет.