26-июль түнү Москва шаарындагы “Профсоюзная” станциясынын жанында ондогон адамдар мушташып кетишкен. Анда бир кишинин далысына бычак сайылып, ооруканага жеткирилген. Милиция кызматкерлери келгенде массалык урушка 20-40 киши катышканы белгилүү болду. Ал эми уруштун себеби айтылбай жаткандыгын «РИА Новости» маалымат агенттиги билдирген. Тартип сактоочулар Кыргызстандын эки, Өзбекстандын үч жаранын колго түшүргөн. Протокол түзүлгөндөн кийин кармалгандар бошотулган.