АЙТМАТОВДУН КЫЗЫ «АТА МЕКЕНГЕ» КИРДИ

“Ата Мекен” саясий партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков аталган партияга жаңы мүчөлөрдүн киргенин билдирет. “Биздин катарыбызга экс-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, мурдагы Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов, мурунку Транспорт жана коммуникация министринин 1-орун басары Жанат Бейшенов жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова кошулду”,- дейт.
Ошол эле учурда аталган партиянын курамынан убактылуу чыккандар дагы болду. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Кубатбек Байболов, Дүйшөн Чотонов, Алмамбет Шыкмаматов, Шералы Абдылдаев жана Койсун Курманалиева убактылуу партиялык мүчөлүгүн токтотушту. Анткени алар учурда мамлекеттик кызматтарда иш алып барышууда. Ошондуктан бир мезгилде партиянын ишмердиги менен алектенүүгө болбойт. Убактылуу мүчөлүгүн токтоткон “ата мекенчилер” шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар экендигин билдиришет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан