«САГЫНДЫМ» ДЕП САРГАЙГАНДАР

Ишенесизби, шоу дүйнөдө “сагынам” деп саргайгандардын саны ого эле көбөйүп кетиптир. Санап отурсак, бул аталыштагы ырлар 20дан ашат. Мүмкүн, бул ырдын башаты кайталангыс талант Муса Баетов агабыздын “Сагынам” ырынан башталып жүрбөсүн. Оо, кандай гана керемет ыр! Кийинки аткаруучулар бул ырды ийине жеткире албай жүрүшпөйбү.
Кубаныч Сатаев ушундай аталыштагы элдик ырды аткарып жүрөт. Эстей алсаңыз, Мирбек Атабеков Дубайда жүрүп “Сагынамга” клип тарттырып келди. “С” тамгасына катуу басым жасап ырдаган Бактыгүл Бадыеванын да бир кезде “сагындым сени” деп калганын билесиздер. Ушул эле сөздү кайра-кайра кайталап, чачын ары-бери серпип Сайкал Садыбакасова жүрөт. Жоон үндүү Аида Кулуева дале сагынууда. “Сагынам, сени сагынам” деген боюнча ырчы айым Азиза көрүнбөй кетти. Ильяз Абдыразаков болсо сагынычка багынды да калды. “Улуу кишини сүйүп калгам” деген ачык мүнөз Айжан Газиева да бир кезде сагынып калган. Эл-журт сүйүктүүсүнүн өзүн сагынса, Нурзада Жолдошова көксөгөнүнүн көздөрүн сагынат. Мэри Шакулина, тескерисинче, “сагынба” дегенине карабай күйөөсү көшөгөгө киргизип алды. Алтынбек Алымов “сагындым се-ени” деп жүрүп "ак кушуна" жетти. Кундуз Канатбек кызы дале сагынып келүүдө. Бекчоро болсо үйлөнсө деле сагына берет экен.
Дагы көп аткаруучулар кусалык сезиминен алыс кете албаганбы же автор жазып берген боюнча эле аталышын өзгөрткөндөн зериккенби, айтор, окшош аталыштар өзгөрсө болот беле?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан