Шоу-бизнесте өз ордун табууга далалат кылып жүргөн ырчы Арсен туугандарын таарынтып алганын айтып кейиди. Арсендин атасы тараптан туугандары Ат-Башыга тойго чакырышат. Бирок ырчы жигит гастролдон жаңы келип чарчап турганын айтып, тойго баруудан баш тарткан. "Сен ырчы болуп кишини көзгө илбей калыпсың" деген туугандары ырчы жигитке катуу таарынышыптыр. Азыр Арсенбай туугандарынын көңүлүн кантип алуунун айласында. Туугандан өткөн колдоочу, сүрөөчү жок эмеспи, андыктан Арсен эми аларды капа кылбоого өзүнө-өзү сөз берди.