Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова өз жамааты менен кайрымдуулук концерт берүүдө.
“Түштүк жергесиндеги баш аламандыкты жөнгө салууда укук коргоо кызматкерлеринин салымы чоң. Алар элдин тынчтыгы үчүн башын сайып коюп иштешти деп тартынбай айтам. Ошондон улам биздин жамаат алар айткан жерге барып, бир жумадан бери бекер концерт берип жатабыз”,- дейт “Кыз-Бурак” тобунун түптөөчүсү.