Өзү орус улутунан болуп туруп кыргызча "Кызыл гүл менмин, кызыл гүл" деп ырдаган ырчы Юлия эсиңиздеби? Ырчылык менен катар телеалпаруучулукту аркалап жүргөн Юлия кайрадан эл көзүнө көрүнө баштады. Болгондо да мыкты акын чыгарган “Күттүрбө” аттуу ырга клип тарттырды. Ырчы клипке 100гө жакын адам катышып, бир жылдан ашык убакытта тартылып бүткөнүн айтат. Узак убакытта тартылган бул клипти биздин медиа-порталдан көрүп, сын-пикириңизди калтыра аласыз.