Көрүнүктүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров АКШга сапар тартты. Эмне максатта экенине кызыксаңыз, ал Нью-Йорк, Вашингтон жана Лос-Анжелес шаарларында жашаган кыргыздарга кыргыз киносунун чыгармачылык кечесин өткөрмөкчү. Тагыраак айтканда, “Боз салкын” жана “Уурунун махабаты” тасмасын алыстагы мекендештерибизге тартуулайт. Презентация өткөрүүнү “Kyrgyz Club” долбоорунун жетекчиси сунуштап, Вашингтондогу кечесин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги колдоого алган. Эрнест мырза мындан ары кинолору менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныта беришине тилектешпиз.